Социалдык отун базалары үчүн арналган көмүрдү коммерциялык түйүндөрдө жогорулатылган баада алып чыгуу жана сатуу схемалары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык отун базаларына арналган көмүрдү коммерциялык түйүндөрдө жогорулатылган баада ташып чыгуу жана сатуу схемаларын аныкталды.
Жеке баюуга кызыкдар болгон адамдардын көрсөтүлгөн аракеттери социалдык отун базаларында көмүрдүн тартыштыгынын пайда болушуна өбөлгө түзүп, калк арасында суроо-талаптын жана тынчсыздануунун кескин өсүшүн жана анын натыйжасы катары көмүргө болгон баанын жогорулашын жана калктын массалык нааразылыгын жаратат
Тактап айтканда, төмөнкү схемалар ачыкка чыгарылды:
- Жеке менчик оор жүк ташуучу унаалардын ээлери социалдык отун базаларына көмүр жеткирүү шылтоосу менен жеке отун базаларынын ээлери («Кыргызкөмүр» ААК менен калкка арзан баада көмүр жеткирүү жана сатуу боюнча келишим түзгөн жеке ишкерлер) менен кутумга барып, алардын ишенимине ээ болуп, Кара-Кечеде биринчи кезекте көмүрдү жүктөп, Бишкекке келип, коммерциялык жайларга түшүрүп, кийинчерээк ал жерде жогорулатылган баада сатылган. Бул учурда отун базасы иш жүзүндө иштейт, бирок базага көмүр сейрек түшүрүлөт жана үзгүлтүктөр менен сатылат, анткени анын белгилүү бир бөлүгү коммерциялык пункттарда сатылган;
- жеке ишкерлер (социалдык отун базанын ээлери) аларга жөнөтүлгөн көмүрдү чакан партиялар менен башка уюшкан жана менчик коммерциялык сатуу пункттарына ташып, ал жерден аны жогорулатылган баада сатышат (же жалпы көлөмдөн тандалган көмүрдү иргеп, мүшөктөргө салып, андан кийин максималдуу пайда алуу үчүн башка пункттарында чекене сатышат).
Азыркы учурда КР УКМК маалыматтарды каттоо журналынын материалдарынын алкагында ушул сыяктуу фактыларга бөгөт коюуга жана аныкталган схемаларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чараларды улантууда.



