7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Күнүнө 1100 автоунаа жасалат». Шакиев Hyundai Motor Company ишканасынын заводуна барды

493

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Кореядагы расмий иш сапарынын алкагында Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Асан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алсак, Hyundai Motor Company — Түштүк Кореядагы дүйнөгө белгилүү ири автоунаа өндүрүүчү компания болуп эсептелет. Анда автоунаалардан тышкары поезддер, аскердик техникалар жана түрдүү өндүрүштүк жабдуулар чыгарылат.

Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган Асан шаарындагы заводунун улук вице-президенти Ли Ки Со Hyundai Motor Company суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу глобалдык коомдун таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Баарлашуу маалында Төрага Нурланбек Шакиев компаниянын Бишкектеги борбору ийгиликтүү иштеп жатканын эске салып: “Корея Республикасында чыгарылган унаалар сапаттуулугу жана баасынын ыңгайлуулугу менен Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди. Муну менен катар компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырды.

Өз кезегинде компаниянын өкүлү Ли Ки Со айтылган сунуштардын баары маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта тийиштүү жумуштарды алып барышарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, компанияга тиешелүү ири үч заводдун бири катары таанылган Асан шаарындагы өндүрүштүк мекемеси 32 миң чарчы метр аянтты ээлеп, 4 миң адам эмгектенет. Бирок иштин 90%ы автоматташтырылган жана күнүнө 1100 автоунаа жасалат. Азыркы тапта чыгарылып жаткан жаңы унаалардын алгачкы наркы 10 миң доллардан 150 миң долларга чейин бааланат. Ушундай эле заводдор Кореядан тышкары дүйнөнүн алты мамлекетинде курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494