Бүгүн, 23-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүcүн 0…-2°, күндүзү 8…10°.



