Бүгүн, 19-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматты Кыргызгидромет борбору билдирди.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусуна +21…+26, Талас облусунда +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +18…+23, Нарын облусунда +21…+26 градус болот.
Ал эми Бишкекте абанын температурасы +24…+26 градуска жогорулап, күндүн экинчи бөлүгүндө өткүн өтүшү мүмкүн.