7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күндүн темасы: «Вакцина эмес витамин алып жатат». «Ооруп жаткандарга сайыңыздар өтүнүч»

1102

Бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү.

Күн өтпөй, министирдин сүрөтү соцалдык тармактарды кызуу талкуу жаратууда.

 

«Медайым колкабы жок ийне сайып жатат. Бул өтө уят»

«Вакцинаны азыркы күндө коронавирус менен ооруп жаткандарга сайыңыздарчы өтүнүч»

«Чоңдорду биринчи алышсын дейсиңер. Биринчилерден болуп эмдөө алып жатышса кайра ишенбей ар кайсы сөздү айтабыз. Ойлорубуз деги качан жакшы жака бурулат»

«Өмүрлүү болушсун! Эми ошол вакцинанын запкысын элиме тийбесин»

«Маскаңыз кайда  жолдош министр?»

«Вакцина эмес витамин алып жатат. Биз бул эмдөөгө ишенбейбиз»

«Биз  Анкарада эмдөөдөн өттүк.  Эч кандай терс таасирин берген жок»- деген билдирүүлөр байма-бай жазылууда.

 

 

Ал эми , буга чейин  Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алган. Ага катар Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили туулган күнүндө коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Чет элдик маалымат булактарынын жазган маалыматтына таянсак, өлкө башчыларынын абалы бүгүнкү күндө туруктуу.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1103