Аксы районунун Кербен шаарында тойдон келе жаткандар сууга түшүп кетишти. Унаанын ичинде 7 жашар кыз дагы бар. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү «7tv.kg» сайтынын редакциясына сүрөт, видео жөнөтүштү.
Алардын айтымдарында, окуя 27-марттан 28-мартка караган күнү таңга жуук болгон.
«Аксы районунун Кербен шаарынан 27синен 28ине карган таңда тойдон кийин кыздын эки жеңесин жана жети жашар кызды күйө балдар мас албалда үйүнө жеткирип бара жатып ушундай акыбалга келишкен. Башкаларга сабак болсунчу, мас абалда руль башкарбашын өтүнүп кетеличи. Кырсыктан каза болгондор жок, баарын үй шартында карап жатышат», — деп жазылат билдирүүдө.