7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп балалуу энелер канча жашында пенсияга чыга алат?

133

Көп балалуу энелер 53 жаштан пенсияга чыга алат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурзат Жакиева билдирди.

Анын айтымында, 5 бала же андан көп балалуу энелер 53 жашында пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыга алат. Ал үчүн 15 жылдык эмгек стажы жана бешинчи баласы 8 жашка толгон болушу шарт. 

Аталган 15 жылдык стаждын ичинде аялдын балдарын үйүндө карап отурган жылдары эсепке алынат: эң көп 9 жыл стаж кошулат жана кеминде 6 жыл расмий иштеген болушу керек.

Белгилей кетсек, жаш курак боюнча аялдар – 58, ал эми эркектер – 63 жашында пенсияга чыгат. Ошол эле учурда мыйзамда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу үчүн бир катар жеңилдиктер каралган: көп балалуу энелер, бийик тоолуу же алыскы барууга кыйын аймактарда жашап-иштеген жарандар, оор шарттарда иштегендер мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга алат. 

134