7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатында бала бакча уюштурууга уруксат берилди

310

Курулуш министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатында бала бакча, мектеп жаатында жеке ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берди. Тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунбаев кол койду.

Орунтаев мындай чаралар бала бакча, мектептердеги орун тартыштык маселесин чечүүгө жана жеке бакча, мектептерге жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталганын белгилеген.

Министр коомчулукта «балдар кайда ойнойт, маморгандар эмнеге мектеп, бала бакча салбайт, мындай жерде коопсуз эмеспи» деп жаралчу суроолорго да жооп берген:

  • Коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандар балдары менен көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт
  • Бардык көп кабаттуу үйдө жана турак жай комплекстеринде балдар аянтчалары бар, алар күндүз көп учурда бош турат. Ал аянтчалар колдонулушу керек
  • Бул долбоор жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү. Бул акы төлөп, жеке билим берүү мекемелеринин кызматын колдонууну каалаган жарандарыбызга багытталган
311