7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп кабатуу имараттын үйгө урашы. Мэрия: Компания оңдоо иштерин жүргүзүүнү сунуштаган, бирок жашоочулар баш тартышты

712

Кечээ Бишкекте курулуп жаткан көп кабатуу имараттын дубалы жанаша жайгашкан үйгө ураган. Кесепетинен 1958-жылы туулган аял киши жабыркаганы маалым болгон. Окуя боюнча Бишкек мэриясы үн катты.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге вице-мэр менен Ленин районунун акими барган. «27-мартта болжол менен саат 03:о0-03:30 чамасында Жаш гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы коңшу жайгашкан үйгө ураган. Жаңы салынып жаткан имарат менен үйдүн ортосундагы аралык 3 метрди түзөт. Жаңы салынып жаткан «Кубаныч» аталышындагы имаратты «KG Vostok Service» компаниясы куруп жатат. Кырсыктын кесепетинен экинчи кабатта жашаган 1958-жылы туулган аял киши менен 2011-жылы туулган бала жабыркаган. Үй 1954-жылы салынган. Сегиз батир жашоого жараксыз экени, анын ичинен төртөө биринчи жана экинчи кабаттардагы батирлер экени белгилүү болгон. Компания турак жайдын талкаланган бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана оңдолуп жаткан учурда жабыркаган тургундарды турак жай менен камсыз кылууга даяр. Бирок тургундар көрсөтүлгөн жардамдан баш тартышкан»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713