7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл башчы көпүрө курам деп бюджеттеги каражатты мыйзамсыз пайдаланган

596

Көпүрө куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кабак айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алуу фактысы аныкталган.

2020-жылдын 30-ноябрында аталган тараптардын ортосунда Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Көкөмерен дарыясына сметалык баасы 572 994 сом болгон көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, объектти пайдаланууга берүү мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей бүткөрүү болгон.

Бирок, Кабак айыл аймагынын башчысы жана “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жооптуу адамдары жеке материалдык кызыкчылыкты көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы иш кылып, көпүрөнү куруу боюнча келишимди аткарбастан, бөлүнгөн акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен айыл округунун бюджетине 572 994 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Топтолгон материалдардын негизинде ушул жылдын 28-февралында бул факты боюнча УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597