7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көп жылдык көйгөй чечилди… Он миңден ашык элдин ээлиги мыйзамдашты

154

Президенттике талапкер Садыр Жапаров президенттин жана премьер-
министрдин милдетин аркалаган бир ай аралыгында чечкиндүү кадамдарга
барып, бир топ алгылыктуу жакшы иштердин башын баштады. Эми президент
болуп шайланса, баштаган иштеринин аягына чыгарып, эл үчүн, мамлекет үчүн
мыкты иштеп берет деп, жалпы кыргыз журтчулугу Садыр Жапаровго чоң үмүт
артып турган учур… Садыр Жапаровдун баштаган ишинин жыйынтыгы көп өтпөй
эле көрүндү. Маселен, коррупционерлерге каршы жарыялаган экономикалык
мунапысы өз жемишин берип, мамлекеттик казынага миллиондоп каражаттар
түшө баштады. Маселен, Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик эч алы
келбей, кармап, жоопко тарта албай келген Раим Матраимовду бир заматта колго
түшүрүп, андан 2 миллиард сом өндүрүү иши жолго коюлду. Учурда Райымбек
Матраимов мамлекеттик казынага 1 миллиардга жакын акча төккөнүн Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы тастыктоодо. Ошондой эле аз күн
мурун дагы бир олигарх Акылбек Жапаровдун аялы Анара Жапарова ээлик
кылган компанияларынан жашырылган салыктары үчүн бюджетке 28 миллион сом
төгүп берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча
мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын
башчысынын орун басары Мирлан Жалгасынов Башкы прокуратурага караштуу
Координациялык кеңештин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди. Анын
айтымында, Жапаровдун аялына таандык компаниялар мамлекетке «90 миллион
сом зыян келтирген, анын 28 миллион сому кайтарылды». Алдыда дагы канчалар
мыйзамсыз байлыктарын мамлекетке кайтарып берээрин убакыт көрсөтөт.
Экинчи маселе, жер трансформациясы. Башкача айтканда, карапайым калктын
жерге болгон ээлигин мыйзамдаштыруу. Дээрлик 10 жылдан ашык убакыттан бери
ишке ашпай келген жер трансформациясын Садыр Жапаров убактылуу бийликте
турган бир ай аралыгында ишке ашырып, миңдеген карапайым жарандардын
үмүтүнө шам жакты. Мындан бир нече күн мурун “Азаттыкка” чыккан маалыматка
таянсак, Садыр Жапаров кызматын тапшыраар алдында, 13-ноябрь күнү «Жер
пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койгон. Мыйзам расмий жарыялангандан
тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Кол коюлган мыйзам 2009-2018-жылдар
аралыгында айыл-чарба багытындагы жер тилкелерине курулган үйлөргө гана
тиешелүү экени маалымдалган.
Белгилүү болгондой, Бишкектин чет жакасында эле 6 миңге жакын үйдүн
документи жок экени айтылып келет. Айыл-чарба категориясына кирген ал
жерлерге үй салууга уруксат берилбегендиктен, турак-жайлар мыйзамсыз деп
саналат. Жыйынтыгында, ал жерде жашаган жарандардын жол, суу, мектеп, бала
бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрү чечилбей келген.
Мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 1712 гектар жер трансформацияланып, 11300 үй-
бүлөнүн социалдык көйгөйлөрү чечиле турганы айтылууда. Андан тышкары,
өлкөнүн башка аймактарында комиссия изилдебеген жерлер болушу мүмкүн.
Аларды кошкондо 1800 гектар жерге документ берилээри күтүлүп жатканы
маалымдалууда.
Аталган жер тилкелердин басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн
райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда, Баткен облусунда
жайгашкан. Мыйзамды ишке ашыруу максатында, Өкмөттүн алдында комиссия
түзүлгөн. Аны учурда вице-премьер-министр Равшан Сабиров жетектеп жатат.

Жер боюнча комиссиялар ар бир райондук акимчиликте жана Бишкек менен
Оштон башка шаарлардын мэрияларында дагы түзүлгөн. Жер ээлери ошол
комиссияга кайрылып, жери трансформация болор-болбосун биле алат. Алдына
ала маалыматтарга караганда, трансформация мыйзамы үч пункт менен ишке
ашары күтүлүүдө. Биринчиси, 2018-жылга чейин ар кандай жолдор менен үй
курулуп калган айыл-чарба багытындагы жерлер трансформация болсо, экинчиси,
колунда кызыл китеби бар, бирок жери трансформация болбой жаткан
жарандарыбыз бар. Аларга үй курууга уруксат берилет. Үчүнчүсү, салынып калган
үйлөрдүн арасында айыл-чарба багытында иштеткенге мүмкүн болбой калган
жерлер бар.

АЗИЗ МОЛДОБЕКОВ

Аткаруучу: « __7tv.kg_____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 19-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

155