7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көпчүлүк сүйүп көргөн «Один дома» жаңы жылдык тасмасындагы кызыктуу фактылар

537

«Один дома» жаңы жылдык тасмасын көрбөгөн адам жок болсо керек. Анын биринчи бөлүгү 32 жыл мурун чыккан, ошондон бери кинону жыл сайын көрүү салтка айланган. Бул кинону майрамдык дасторкондо мандаринди жеп отуруп же балатыны жасап жатып, айтор үй бүлөң менен көрүү өзүнчө бир жаңы жылдык атмофераны түзөт эмеспи. Комедиянын автору Джона Хьюза болсо, режиссеру Крис Коламбус.

Бул кино тууралуу көптөгөн фактылар бар. Алардын ичинен кызыктуусун тандап, жазып чыктык.

1) Биринчи тасмага катышканы үчүн Маколей Калкин(Кевин) 100 миң доллар, экинчиси үчүн 8 миллион гонорар алган.
2) Тасмадагы терс каармандардын ролун ойногон Гарри менен Марвдын алган жаракаттарынын көбү өлүмгө алып келет. Бул тууралуу хириргтан сураганда, анда ал бул тасманы тартуу үчүн көптөгөн кылмышкердин көз карашы, тажрыйбасы керек экенин айткан.
3) Көптөгөн көрүүчүлөр тасмадагы актёрдук чеберчиликке таң калып, көбүнчө Кевин, Гарри, жана Марвды макташат. Муну актёрлор мындай түшүндүргөн . Алар тасманын ийгилигине ишенген эмес, тартуу аянтында жөн эле көңүл ачып, чын жүрөктөн ачылып тартылышкан.
4) Марвдын ролун аткарган Дэниел Стернди кинонун 4-бөлүгүн тартууга чакырышкан, бирок актёр андан баш тарткан.


5) Тасманын биринчи бөлүгү бардык убактагы эң көп кирешелүү комедия катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Анын жалпы акысы дээрлик жарым миллиард долларды түзгөн.
6) Марванын бетине ташталган паук чыныгы болгон. Паукту коркутпоо үчүн Марва үнүн чыгарбай мимикасын көрсөткөн. Андан соң кыйкырып корккон үнүн жаздырып, кадрга кошуп койгон.
7) Кевиндин үй-бүлөсүнүн особняк үйү , чынында эле бар. Ал Чикагодо 1920-жылы курулган. Учурда сыйлуу жердердин бири болуп саналат. Ал үйдө 1, 5 миллионго сатып алган үй-бүлө жашайт.
8) Кевин киного 10 жашында тартылган.


9) 1992-жылы көрүүчүлөр- «Один дома 2» комедиясынын уландысын көрүшкөн. Анда АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп эпизоддук ролду жараткан. Бул башкы каармандын зал кайда экенин сураган эпизод болчу. Ага ошол кезде мейманкананын ээси болгон Дональд Трамп өзү жооп берет.
10) Маколей Калкиндин жашоосунда мыйзамсыз заттарга берилип кеткен мезгил болгон жана аны билген режиссерлор ага роль сунушташкагандан алыс болушкан.
11) Маколей Калкин Парижде жашоону жактырат. Анткени ал көчөдө папараццилердин жана жөнөкөй өтүп бара жаткандардын көбүрөөк көңүл буруусунан качат. Нью-Йоркко көп келип турат.
12) “Один дома 2” тасмасы 1991-жылдын декабрынын башында тартыла баштап, 1992-жылы май айында аяктаган.
13) Башкы ролдо Марвдын ролун аткарган Дэниел Стерн жылаңаяк сценаларды тартып жатканда жасалма резина буттарын кийип жүргөн. Кинодо балатынын жасалгаларын баскан жери эсиңиздеби? Анын баары момпосуйдан жасалган.
14) Гарри Кевиндин манжасын тиштеп алган учур эсиңиздеби? Ал чыныгы жашоодо дагы Маколей Калкиндин(Кевиндин) андан чындап коркушун каалаган. Андыктан, актёр съёмка талаасында бала менен жакшы сүйлөшпөй, ага корс мамиле кылганы аракет жасаган. Кинодо чыныгы коркуу эмоциясын көрсөтүүсү үчүн. Чынында эле тасма тартылып жатканда анын бармагын тиштеп алган. Кевиндин колундагы тырыгы дагы деле бар деп айтылып келет.
15) Кевиндин апасынын ролун ойногон Кэтрин О’Хара маегинде Маколей Калкин аны дагы деле апа деп атай турганын айткан.
16) «Один дома» киносунун популярдуу болушуна актерлор ишенген эмес. Бирок, учурда түндүк Америкада бардык убактагы эң көп кирешелүү жаңы жылдык тасмасы болуп саналып, АКШнын кинематографиясынын тарыхындагы эң көп кирешелүү комедия деп эсептелинет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

538