7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери алтын, Мээрим коло медаль утту

1239

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкектеги Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште алтын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңди.

Спорттук иш-чара Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган.

Айпери Медет кызы турнирде 76 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган. Алгач украиналык балбанды 10:6 эсебинде жеңген. Экинчи беттеште кытайлык балбанды 6:3 эсебинде артта калтырган. Алтын медаль үчүн беттеште кытайлык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, 1-орунду камсыздады.

Ал эми, Мээрим Жуманазарова турниоде 68 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган. Алгач казакстандык балбанды 1:1 эсебинде утуп, экинчи беттеште монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилип калган. Коло байге үчүн беттеште канадалык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1240