7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Европа Кеңешинин президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды

313

Бүгүн, 3-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды.

Президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу мейманды «№ 2 мамлекеттик резиденциясынын» Конгресс-холлуна кирердин алдында тосуп алды.

Кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров менен Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, глобалдык күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Шарль Мишель менен саламдашууда эки тараптуу сапарга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, Садыр Жапаров анын тарыхый маанисин баса белгиледи, анткени эки тараптуу кызматташтыктын тарыхында кыргыз тарап Европа Бирлигинин жетекчисинин өлкөгө болгон мындай жогорку визитин биринчи жолу өткөрүп жатат.

«Биз бул фактыга абдан чоң маани беребиз. Биздин өлкөгө жана регионго сиздин жеке көңүл бурганыңыз бизге Европа Бирлиги менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн кошумча стимул берет. Европа Бирлиги биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери ортобузда жалаң ишеним өнүгүп, достугубуз бекемделип жатат», — деп баса белгиледи Президент.

Өз кезегинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель күн мурун өткөн Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусунда жылуу кабыл алгандыгы жана анын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал Мамлекет башчысынын БА өлкөлөрүнүн бардык лидерлерин бул иш-чарага катышууга чакыруу демилгесин канааттануу менен баса белгилеп, бул БА жана ЕБ ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Шарль Мишель өз сөзүндө бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгууга, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачууга мүмкүндүк берерине басым жасады.

Андан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314