Индиянын Одиша штатында поезддер кагышып, каза болгондордун саны 288 адамга жетти.
Дүйнөлүк ЖМКлар жазышкандай, буга чейин 233 адам каза болуп, 900 адам жаракат алган.
Поезддер Баласор шаарына жакын жерде кагылышкан. Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен каршы жолго чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзүп, дагы 10-12 вагон рельстен чыгып кеткен.