7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Диний уюмдун өкүлдөрү пара берип жаткан жеринен кармалды

953

Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет элдик К.С., аттуу жаран жана Кыргызстандын Ш.Л.,аттуу жараны кармалды. Алар пара берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында колго түшкөн.

Кыргызстандагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес.

Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан.

29-майда чет элдик жаран жана КРнын жараны пара катары 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

954