2026-жылдын 23-январында УКМКнын төрагасы К.Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө, тагыраагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2026-жылы 21-январда ЖМКларга Таласта үч эм төрөлгөн үй-бүлөнүн турак жай маселеси боюнча кайрылуусу жарыяланган.

Буга чейин, 2025-жылдын 5-июлунда мэрияга жардам сурап кайрылышкан, бирок Бишкекте каттоосу жок болгондуктан, муниципалитет баш тарткан.
Жаш үй-бүлөдө үч эмдин төрөлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу жана калктын өсүшүн колдоо максатында, генерал-полковник К.Ташиев тарабынан Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



