7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

476

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады. Эл өкүлү мыйзам долбоорун иштеп чыккан, документ учурда коомдук талкууда.

Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир окульттук, магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

«Белгилүү болгондой, турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда көзү ачык жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат. Алар келип чыккан көйгөйлөрдү өздөрүнүн демейдегиден башкача ыкмаларынын жардамы менен толук жок кылууга кепилдик берет. Мындай кырдаалда жогоруда белгиленген алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегет. Айласы кетип турган адам анын бардык кайгы-капасын жана көйгөйлөрүн жоюуга убада берген ар кандай адамга ишенүүгө даяр. Психологиянын жардамы менен адамдардын башын айлантуу жагынан зор тажрыйбага ээ болуу менен алар кайрылган жаранга анын келечегин, өткөндөгүсүн жана башкаларды көзү ачыктык кылып айтып берет. Жогорку технологиялардын жана илимий прогресстин кылымы болгон азыркы учурда өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес экендигин көрүү аянычтуу.

Белгилеп кетүү керек, «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык жазгырмалуу жарнама түшүнүгү бар. Ал Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Ошондуктан киргизилген толуктоолор жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө түшүнүктү так чектөөгө, атап айтканда, ак ниетсиз жарандар тарабынан алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюуну киргизүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.

477