Эртең, 17-сентябрда Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешет.
“Эртең олуттуу күн, кармашка бүт күчүмдү топтоп, катуу дем менен жан үрөп чыгам. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат”,- деген Шевченко. Ал эми, Грассо бул ирет да октагондон чемпиондук курду алып кетүүнү убадалаган.
Кыргызстандык мушкер ушул жылдын март айында ажырап калган чемпиондук титулун кайрып алуу үчүн реваншка чыгып жатат. Ал эми Грассо эртең алгачкы ирет чемпиондук титулун коргойт.
Алар Бишкек убактысы боюнча эртең менен саат 9:00дө октагонго чыгары болжолдонууда.