7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көз рагы оорусуна чалдыккан Эркеайым жардамга муктаж

295

7-каналга Ысык-Көл облусунун тургуну Мадина айым кайрылды. Ал 4 жаштагы кызы Эркеайым көз рагы (ретинобластома — көздүн тор кабыгындагы шишик) оорусуна чалдыгып, операциясы үчүн ири суммада каражат керек болуп жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурайт.

«Жүрөгүмдө оор кайгы, акыркы үмүтүм менен сиздерге кайрылып жатам. Кызым Эркеайым болгону 4 жашта.
Ал 2 жылдан бери оор дарт менен күрөшүп келет — көз рагы (ретинобластома — көздүн тор кабыгындагы шишик). Түркиядан операция жасаттык. Андан кийин Бишкекте 14 жолу химиотерапия курсун өттү. Бирок, тилекке каршы оорусу айыкпай жатат. Азыр дарыгерлер кайрадан Түркияга шашылыш учуп, 20 жолу нур терапиясын өткөрүү керек экенин айтышууда. Дарылоону башташ үчүн болгону 10 эле күн убактыбыз калды. Эгер үлгүрбөсөк — шишик кайрадан күчөп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — дейт ал.

Эркеайымдын өмүрүн сактап калуу үчүн 30 миң доллар керек.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

МБАНК: +996 (703) 096 699 Мадина К. (апасы)
О ДЕНЬГИ: +996 (703) 096 699 Мадина К.

МБАНК: +996 (500) 776 690 Эрлан Б.(атасы)
ОПТИМА БАНК: 4169 5853 5800 5378
+996 (703) 096 699 Мадина К.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

296