7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабулдагы кагылышууда кыргызстандыктар кантип куткарылган? Өкүлдүн маеги

1057

Августта Афганстандагы бийлик алмашуу же Кабулду «Талибан» кыймылы басып алган учур эсиңизден чыга элек болсо керек. Айрыкча Кабул аэропортундагы абал дүйнө элинин эсинде калды. Өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн миңдеген жарандар, ок атышуу, учактарга батпай калып канатына жармашып, кулап каза болуу, өздөрү учакка батпай калып, эмчектеги 2,3 айлык балдарын бейтааныш эле адамдарга кармата берүү ж.б. ушул сыяктуу жүрөк титиреткен аянычтуу окуялар бир ай боюу МКларда байма-бай чагылдырып турду.

Ошол кандуу кагылышуу болгон жерде кыргызстандык мекендештер да бар эле. Бактыга жараша өз маалында, аман-эсен куткарылды. Бул иштин артында Кабулдагы кыргыз элчилигини эмгеги чоң. “EurasiaToday” агенттиги Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жаш кызматкери Нурлан Орузбаев менен болгон маегин жарыялады.  Биз аны өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

Белгилей кетсек, август айынын башында «Талибан» кыймылы  өкмөттүк  күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулду басып алып, эртеси эле 20 жылдык согуш токтогонун жар салышкан. Афганистандагы кырдаалдан улам, ал жактагы бир катар мамлекеттин элчиликтери өз жарандарын алып чыгып кете башташкан.

Нурлан мырза, Кабул аэропортундагы үрөй учурарлык дүрбөлөңдү баарыбыз көрдүк. Мындай башаламандыкта өз өмүрүңүздү тобокелге салып, кыргыз мекендештериңизди өз өлкөсүнө жөнөттүңүз. Өзүңүздүн бул кылган ишиңизди баатырдык деп эсептейсизби?

Биринчиден бул эвакуация иши жалгыз бир адам менен жүргүзүлгөн жок, бул жалпы командалык иш болду. Кыргызда “Карынын кебин капка сал” деген жакшы сөз бар эмеспи, урматтуу мурунку  элчибиз Мирослав Жумабекович элчи гана эмес тажрыйбалуу генерал экенин дагы эл жакшы билет, бул адамдын берген тарбиясы жана кеңештерин айтпай кетсе болбойт. Ал адам мындай аскердик абалдарда дүрбөлөңгө, эмоцияга алдырбоо жана бардык ишти кылдат ойлонуп аткаруу боюнча кеп-кеңештерин берип жатты. Албетте, ошондой эле элчиликтин кеңешчисинин ыкчам кадамдары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин салымдары өтө чоң, андыктан бул мамлекетибиздин жалпы кызыкчылыгы болгондуктан эвакуациялоо тапшырмасы жамааттык тартипте аткарылды десем туура болот.

Жакында эле мурдагы элчи Мирослав Ниязов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде “Элчиликте иштеген жаш жигит Кабулдагы кыргыз жарандарын өз өмүрүн тобокелчиликке салып, куткарып калды…”,- деп айтты эле. Ушул окуя тууралуу өзүңүз айтып берсеңиз.

Негизи бул окуя боюнча үн катпай эле коеюн деп ойлогом, бирок коомчулукка айтылган соң, элде ар кандай күмөндүү ой-пикир жаралбашы үчүн айтып берүүнү туура көрдүм.

Афганистандагы акыркы окуялар өтө тез өнүгүп кетти, мындай тез өзгөрүүнү көпчүлүк күткөн эмес жана  буга даяр эмес болчу. Урматтуу элчибиз Мирослав Жумабекович бул окуяга чейин 2 ай мурун эле ден-соолугуна байланыштуу Кыргызстанга даарыланууга кеткен жана ошол учурда ооруканада даарыланууда эле. Кыргызстандын мыйзамына ылайык элчиликтин кызматкерлери бир жылда бир жолу эмгек эргүүсүнө чыгып келет. Мен июль айында барып келсем, элчиликтин кеңешчиси ошол окуяга чейин август айында Кыргызстанда эмгек эргүүсүндө болчу. Айтаарым, менин ордумда башка кызматкер болгондо дагы, дал ушундай кадамдарга бармак деп ишенем.

Брондолгон эшиги бар бөлмөдө отурган кыргыз жарандары

Баса белгилеп кетчү нерсе, Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги бул окуяга чейин бир нече ай мурун Афганистандагы баардык кыргыз жарандарына өлкөдөн чыгып кетүү боюнча сунуш берген. Иштеген жумуш ордуларына чейин барып эскертүү берип келгенбиз. Тилекке каршы, айрымдары чыгып кетүүгө үлгүрбөй калышкан.

Окуя 15-август күнү башталды. 14-август күнү “Талибан”  кыймылы  Кабулду толук курчоого алган эле.  Кабулдагы жана башка провинциялардагы жарандар менен байланышып, бардыгын туруктуу ордуларынан чыкпоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө жана элчиликтин кийинки көрсөтмөлөрүн күтүүгө чакырдым жана ошол күнү кечинде үч жараныбызды элчиликке алып келүүгө жетиштим.

Кийинки күнү 8 жараныбыз Кабул Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан “Darya Village” (Дария Виллиж) чет элдик базасында, ал эми бир жараныбыз  ошол эле жердеги “Baron” (Барон) мейманканасында башаламандыктын чок ортосунда миңдеген адамдардын курчоосунда  калышкан.

16-август күнү эртең менен “Darya Village” базасында калган 8 жаранды алып чыгуу үчүн жолго чыктым. Базага жетүү абдан оор болду, аэропорттун жолу толугу менен жабылып 15 миңге чукул адам жолду тороп алган эле. Жолдо элдер мен отурган унаанын үстүнө чыгып, таш ыргытышып, оодарып салууга аракет жасашты. Тыгындан өтүп базага жеткенде ал жакта ок атышуулар болуп жатыптыр, базага кирип жарандарды тез алып чыгуу аракетин үч жолу жасадым, бирок ишке ашкан жок.

Ал жактагы жарандарыбыздын көпчүлүгү кыздар болчу, баардыгы стресттик абалда болушкан. Ал учурда “Талибан” кыймылы аэропортко келе элек болчу, башаламандык кылгандар чет элдик уюмдарга нааразы болгон жарандар, уюшкан топтор, криминал жана мородерлор эле. Алардын максаты башаламандыктан пайдаланып, талап-тоноо болчу десем жаңылышпайм.

Октор көз алдымдан учуп жатты, кыргызстандыктарды имараттын ичиндеги брондолгон темир эшиги бар коопсуз бөлмөгө (save room) киргизип, жарандарды базадан алып чыгуунун жолун издеп жаттым.Ок атышуу жалпысынан бир жарым суткадан ашык уланды. Анын натыйжасында жети афган жараны жана бир чет элдик жаран октон каза болду.

Ошол күнү кечке жуук “Талибан” кыймылы базага кирип келишти. Алардын командирине чыгып өзүмдү тааныштырып, кыргыз жарандарынын коопсуздугун сактап берүү жана кооптуу жерге алып чыгуу боюнча кечки саат 23:00 чейин сүйлөшүү жүргүздүлдү.

Базанын жанында жайгашкан “Baron” базасында дагы бир жараныбыз бар эле, ал жараныбызды алып чыгуу аракети үчүнчү жолу гана ишке ашты. Себеби ал учурда бири-бирин укпай, кабыл албай, башаламандык болчу. Ал жактагы адамдар жарандарды бербей жатышты. Өз ара орток система жок эле.

Ошентип саат түнкү он бирден өткөндө “Талибан” кыймылы “Серена”мейманканасына коридор ачып беришти.

Мейманканага бараткан жолдо блок-посттордо мен бараткан унааны эки ирет токтотушуп, мени унаадан түшүрүп, куралын октоп көкүрөгүмө такашты. Биринчи токтоткондо документтеримди көрсөтүп кутулсам, экинчисинде мага курал көзөгөн адамды бизди коштоп бара жаткан талиптер чуркап келип менин көзүмчө ур-токмокко алышты.

“Серена” мейманканасына жеткен сон, “Талибандын” чоңдору менен жолугушуп Кыргызстандын элчилигине эскорт уюштуруп берүүнү макулдашып, акыр-аягы кыргыз жарандары элчиликке саламатта алынып келинди.

Ошентип жалпысынан алганда Кыргызстандын 26 жараны Кабулдан аман-эсен эвакуацияланды.

Сизге автомат такаганына карабай, ал жактагы мекендештерибизди сактап калуу үчүн атышуу болуп жаткан аймакка кирип барыптырсыз?  Ошол учурда сизди атып салат деп корккон жоксузбу?

Элчиликтин негизги функцияларынын бири бул, чет өлкөдө жүргөн жарандарынын коопсуздугун, укуктарын коргоо болуп эсептелет. Мындай оор учурда элчилик өз жарандарын  сырттап карап туруусу биринчиден өз өлкөсүнө, милдетине болгон кыянаттык кылуу деп бааланат жана кыргыз жигитине коркоктук жарашпайт деп айтат элем.

Фарси тилин билет экенсиз, бул тилди кайсы жактан үйрөндүңүз эле? Талиптердин тилинде сүйлөшкөндүгүңүздүн пайдасы тийдиби?

 

Окуу тууралуу кыскача айтып өтсөм, фарс тилин окуп үйрөнүп келе жатканыма 10 жылдан ашты, студенттик жылдарымда Иран Ислам Республикасында фарс тили жана адабияты боюнча атайын бир жылдык курсун окуп бүтүрүп келдим, фарс тилинин фундаменти ошол жакта түптөлгөн десем болот.

Андан кийин өзүбүздүн Бишкек Гуманитардык Университинин “Эл аралык мамилелер” бөлүмүнүн фарс тили боюнча адистигин бүтүргөм.

БГУ университети чет элдик тилдерди үйрөтүү боюнча алдынкы орундарда турат десем жаңылышпайм, учурдан пайдаланып бардык агай-эжейлериме таазим этем.

Албетте, тил билүү жарандарыбызды эвакуациялоодо чоң роль ойноду, көкүрөккө курал такаган учурларда дагы алардын тили менен сүйлөшүү абалдан чыгууга жардам берди. Ошондой эле башка маселелерде дагы, мисалы элчиликтин жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо ишенимдүү түрдө алардын тилинде диалог жүргүзүү маселенин тез чечилишине себеп болду.

Дипломаттын куралы бир гана тил  билүдө же мыйзамдарды билүүдө гана эмес, жогорку адамдык сапаттарга ээ болуу, чынчылдык, этиканы сактай билүү жана эн негизгиси мекенин сүйүүдө деп эсептейм.

Афганистандан эвакуацияланган кыргыз жарандары ал жакта эмне иш кылышчу? Мекенине кета албай калган дагы кыргызстандыктар калдыбы?

Афганистандагы жарандарыбыз эл аралык уюмдарда, мамлекеттик органдарда кеңешчи, аналитик жана тейлөө тармактарында ошондой эле медицина тармактарында эмгектенип келишкен. Бүгүнкү күндө элчилик тараптан Афганистандан кетем деген ниети бар бардык жарандарыбыз Кыргызстанга жөнөтүлдү.

“Талибан” кыймылынын бийликке келиши памирлик кыргыздарга кандайдыр бир таасирин тийгиздиби? Азыркы учурда кыргыз элчилиги тарабынан аларга жардам көрсөтүлүп жатабы жана күнүмдүк жашоосунда кыйынчылыктар жокпу?

Өзүнүздөргө маалым болгондой, Афганистандагы акыркы окуялардан кийин  кыргыз бийлиги кошуна афган элине эки ирет гуманитардык жардам көрсөттү.

Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келген Улуу жана Кичи афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча атайын экспедиция тобуна Афганистандын ар кайсыл аймактарынан сатып алууларды уюштуруу жана гуманитардык жардам жеткирүдө ар тараптуу жардам көрсөттү.

Жеткирилген негизги продукциянын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү. Бул гуманитардык иш-чараны ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстандын делегациясы этникалык кыргыздардын Афганистанда мындан ары дагы коопсуз жашоосу жана эркин жүрүүсү боюнча макулдашууларга жетишти.

Кыргызстанга аман-эсен кайтып келип алыптырсыз. Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

Азыркы учурда Кыргызстандын Эл аралык университетинде магистратурада 2-курста окуп жатам, окуумду ийгиликтүү бүтүрүп алдыда кыргыз элиме, жериме кызмат кылам. “Илим алуу ийне менен кудук казгандай” дейт, андыктан алдынкы жылдары көбүнчө убакытымды билим алууга жумшайм.

Нурлан мырза, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат айтып, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Маектешкендер: Айзат Асанакунова жана Ширин Бекинова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1058