Баткен облусунун Кадамжай районунда катталган жол кырсыктан үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында “Daewoo Tico” унаасы жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болгон. Алардын өздүгү такталууда. Кырсыктан 1996 -жылы туулган жигит дагы жабыркаган. Окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.