7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланган

615

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз (Марказ) айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айрыбаз айыл аймагында 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол эле учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

Ыкчам-иликтөө иштердин жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары алынды, алардын ичинде аталган аймакка кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616