Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы башкы балаты күйүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдлиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-декабрда саат 5дер чамасында Кара-Көл шаарындагы бийиктиги 12,5 метрди түзгөн жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен. Учурда аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Балатыны жасалгалоо иштерине 700 миң сомго жакын каражат жумшалган.
Эскерте кетсек, былтыр дагы Кара-Көлдө балаты күйүп кеткен.