Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында мекен үчүн курман болгон баатырлардын элесин түбөлүк калтыруу максатында иш-чара болуп өттү.
Анда Баткен согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлүп берилди.
Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram