7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда шектүүнү ден-соолугуна карап, Оштогу тергөө изоляторуна албай коюшкан

867

Кадамжайдагы убактылуу кармоочу жайында экстремисттик уюмду түзүүгө шектелип кармалган 46 жаштагы тургунду ден-соолугуна карап, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна кабыл албай коюшкан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал жаранды Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери текшерүүгө алышып,  шектүүгө операция талап кылынарын айтышкан. Ага уйку безинен залалдуу шишик диагнозу коюлуп, аталган илдеттин натыйжасында сарык да пайда болгондугу тастыкталгандыгын убактылуу кармоочу жайдын башчысы билдирет.

Шектүүнү Ош шаарындагы тергөө изоляторуна киргизбей коюшкандыктан, ал кайрадан Кадамжай районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы тапта кылмышка шектүүнүн абалы өтө начар. Мыйзамга ылайык, аны №5 тергөө изоляторуна которуу керек экендиги айтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868