7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

902

4-5-ноябрда түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°,
  • тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15° суук болот.

Белгилей кетсек, мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине кыйынчылык туудурат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

903