7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери кармалды

970

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды. Алар, КРнын президенти тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=180285674645102&id=100079910115998&mibextid=Nif5oz

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

971