“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ММнин адамдары тарабынан калктуу конуштарынын аймагындагы бир нече жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик мекеменин айрым жетекчилери жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, социалдык-маданий маанидеги объектилерди курууга арналган жер тилкелеринин укук берүүчү жана уруксат берүүчү документтерин мыйзамсыз түрдө жасап бергендиги тууралуу далилдер табылып алынган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 3-ноябрында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы “А.Т.С.” кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мыйзамсыз иш аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.