7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кадастр» мекемесинин мурдагы жетекчиси пара менен кармалды

642

Кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык аракеттерди жасаган “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2023-жылдын март айында ал Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин сатып алууну сунуштаган.

Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 20-ноябрда Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды.

Жыйынтыгында ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

643