Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аксы филиалынын жетекчиси жайыт жерди өзүнүн жеке менчигине алгандыгы аныкталды.
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен 2 гектар жайыт жер аянты жеке менчикке бекитилип берилген. Т.М. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын жетекчиси болуп туруп кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2022-жылы аталган жер аянтты мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоого алып, өзүнүн наамына мамлекеттик акт даярдаткан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн иш УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.