7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадыралиев: Биз карызды күнүмдүк чыгымга эмес, эселеп кайта турган долбоорлорго жумшап жатабыз

5

Биз карызды күнүмдүк чыгымга эмес, эселеп кайта турган долбоорлорго жумшап жатабыз. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Мамлекеттин карызын сөз кылганда ал кайда жумшалып жатканын тактоо маанилүү. Дүйнөдөгү белгилүү компаниялар да башында карыз алып, тобокелчиликтерди басып өтүү жолу менен өскөн. McDonald’s негиздөөчүсү ресторандарды кеңейтүү үчүн кредит алган. Starbucks ээси да банктан алган акчасы менен тармакты кеңейтип дүйнөгө жайды, кирешесин миң эселетип өстүрдү. Apple биринчи компьютерлерди чыгарууда насыяга тетик алып баштаган. Tesla болсо, Илон Масктын жетекчилигинде узак жылдар боюу карыз менен рынокто кармалып туруп, кийин дүйнөлүк лидер болду.

Эми биз дагы карызды күнүмдүк чыгымга эмес, элге кызмат кыла турган активдерге, эселеп кайта турган долбоорлорго жумшап жатабыз. Жаңы жолдор, ГЭСтер, аэропорттор, темир жол жана башка инвестициялык долбоорлор келечекте карызды эле жаппай, бюджетке киреше алып келет, экономикага дем берет.

Дүйнөдөгү көптөгөн өнүккөн мамлекеттер, мисалы Германия, Франция, социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн пенсия, жөлөк пулга карыз алышканын көргөн соң, инвестициялык долбоорлорго жумшалган карыздан түк коркпоо керек!

Анткени, Президентибиз Садыр Жапаровдун жүргүзгөн көп векторлуу тышкы саясаты дагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда чоң роль ойноп, экономикалык туруктуулукка салым кошууда»,-дейт Кадыралиев.

 

 

6