7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кафелерде тамак-аштын баасын көтөргөндөргө айып пул салынат

221

Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген токтомго ылайык, коомдук тамактануучу жайларда, кафелерде тейлөө акысы жоюлган. Бул чечим жарандардан түшкөн арыз-даттануулардын негизинде кабыл алынган.

Бирок тейлөө акысы жоюлганы менен, айрым кафе жана ресторандардын ээлери тейлөө акысын аны тамак-аштын баасына кошуп жиберишкен.

Мындан ары коомдук тамактануучу жайлардын токтомдун сакталышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт. Мыйзам бузган ишкерлерге айып пул салынат.

Тактап айтканда, товарды кем өлчөө, салмагын азайтуу же сатып алуучуну алдоо үчүн жеке жактарга 16 миң 500 сом, юридикалык жактарга 51 миң сом айып пул каралган. Ал эми товарды көрсөтүлгөн баадан кымбат саткан учурларда жеке жактар 30 миң сом, юридикалык жактар 15 миң сом төлөйт. Баалар тууралуу маалыматты улуттук валютада көрсөтпөгөндөр жеке жактарга 30 миң, юридикалык жактарга 15 миң сом айып пул салынат.

222