7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайгуул кызматкерин 50 метрге чейин сүзүп барган айдоочу кармалды

340

Кайгуул кызматкерин 50 метрге чейин сүзүп барган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын МККБ Басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 19-январында болжол менен саат 18:00 чамасында Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу айдоочулук күбөлүгү жок жана мас абалында транспорт каражатын башкарып жүргөн.

Ал кызматкерлердин автоунааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, айдоочу кызматкерлердин бирин унаанын капотунда 50 метрден ашык аралыкка чейин алып кеткен.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталган.

“Укук бузуучу Ленин райондук ИИБге жеткирилген. Ал 1986-жылы туулган Т.И. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, андан соң Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, — деп жазылат маалыматта.

341