7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайгуул кызматы кош бойлуу аялды төрөт үйүнө жеткиришти

141

МККБ кызматкерлери кош бойлуу аялды төрөт үйүнө ыкчам жеткирүүгө жардам беришти. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Горький көчөсүндө кызмат өтөп жаткан учурда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине жарандар кайрылып, кош бойлуу аялды шашылыш түрдө төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам сурашкан.

МККБ кызматкерлери кайрылууга дароо чара көрүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен кош бойлуу аялды тыгындарсыз жана ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткиришти.

Кызматкерлердин ырааттуу жана кесипкөйлүк менен аткарган иш-аракеттеринин натыйжасында жарандарга өз убагында жардам көрсөтүлдү. Бул окуя кайгуул кызматкерлери ар дайым элдин коопсуздугу жана жардамга муктаж болгон жарандардын жанында экенин дагы бир ирет далилдейт.

 

142