7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайгуул кызматына баш ийбей, кызматкерди сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

138

Бүгүн, 23-май болжол менен саат 14:30 чамасында Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын кызматкерлери Юнусалиев көчөсү, 177/1 дарегинде кызмат өтөп жаткан учурда жарандар тарабынан Hyundai Accent жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда майда жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Тийиштүү материалдарды тариздөө учурунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу МККБнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийүүдөн жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүү үчүн документтерди берүүдөн баш тарткан. Андан соң окуя болгон жерден качууга аракет кылып, кызматкер унаанын алдында турган учурда автоунаасын айдап кеткен. Натыйжада МККБнын кызматкери унаанын капотунда белгилүү аралыкка чейин сүйрөлгөн.

Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында унаа токтотулуп, айдоочу кармалган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

139