7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрымдуулукка чогулган акчага баланы дарылатпай, унаа, үй алган жубайлар 7 жылга кесилди

313

Астанада кайрымдуулукка чогулган акчаны өз кызыкчылыктарына сарптаган жубайлар 7 жылга камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Толкын Тотаканова жана анын жолдошу Даулет Тотаканов баласынын ооруп жатканы тууралуу жалган маалыматтарды жана эмоцияга басым жасаган кайрылууларды колдонуп, аны дарылоого деп кайрымдуулук каражаттарын чогултушкан.

Аларга 10 жыл бою кайрымдуулук үчүн акча чогултуу менен алектенүүгө тыюу салынды. Ошондой эле алар 7 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми жашы жете элек баласы бар болгондуктан, жазаны аткаруу 2 жылга жылдырылды.

2020-жылдан 2024-жылга чейин жубайлар 1 миллиард теңгеден ашык каражат топтошкон.

314