«4-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын, элиталык алкоголдук продукциялар табылып алынды.
Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейин эсептелинет» -деп жазылат расмий маалыматта.
Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына аткезчилик менен алкоголдук ичимдиктерди ташып кирип жүргөндөр колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрь УКМКнын басма сөз кызмат кабарлады.
Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо жүрүп жатат. Ошондой эле УКМК алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга «бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу болсо керек»- деген версия текшерилип жаткандыгын билдирет.