7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Какчекеев: «Кожентте президенттердин жолугушуусу Борбор Азиядагы биримдикти тастыктап турат»

374

Кожентте президенттердин жолугушуусу Борбор Азиядагы биримдикти жана кызматташтыкты тастыктап турат. Бул тууралуу саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмондун эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшу мындан ары аймакта маселелерди чечүүгө өбөлгө болорун көрсөтүүдө.

“Кыргызстан жана Тажикстан канча жылдардан бери чечилбей келген чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин аягына чыкты. Муну менен бирге байыркы Кожент шаарында президенттердин ратификациялык документтерди алмашуу протоколуна кол коюусу Борбор Азиялык биримдик, достук жана карым-катышты, ошол эле учурда саясий-экономикалык кызматташтыкты тастыктап турат. Эми кандай гана маселелер жаралбасын аларды чечүү мындан ары тынчтык жана бир туугандык мамиледе болорун көрсөтүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна жана башка бир катар эл аралык уюмдарга мүчө. Демек, эки мамлекеттин биримдигинин бекемделиши Борбор Азиядагы тынчтыкты сактоого өбөлгө түзүүдө. Мындан сырткары, Кожент шаарында Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн президенттеринин жолугушуусу Евразия чөлкөмүндөгү эң эле барктуу жана баалуу кезигишүүлөрдөн болуп калды”, — деди ал.

375