7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү

176

Бүгүн, 31-мартта, Кожент шаарында эл аралык Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдор үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Алгач саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи болуп, андан кийин лидерлер сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Мамлекет башчылары регионалдык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ынак коңшулук мамилелерди чыңдоонун, инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун, ошондой эле региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров Тажикстандын президентине жылуу кабыл алгандыгы жана элдердин биримдиги менен достугун символдоштурган иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Элибиздин “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген накыл кеби бар”, — деп Кыргызстандын президенти белгиледи.

Ал бүгүнкү майрам сыяктуу демилгелер жакшы салтка айланып, боордоштук жана өз ара түшүнүшүү маанайында жыл сайын өлкөлөрүбүздүн ар кайсы бурчтарында өткөрүлүп турарына ишенимин билдирди.

“Кыргызстан келечекке чоң оптимизм менен карайт жана Борбор Азиядагы боордош мамлекеттер менен көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт”, — деп белгиледи Садыр Жапаров. Ошондой эле, өлкөлөр бүтүндөй региондун туруктуу өсүшүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган ири инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгын айтты.

Садыр Жапаров Ош, Кожент, Анжиян шаарлары тарыхый борборлор гана эмес, көп кылымдык цивилизациянын, эң бай салттардын жана маданияттын символдору экенин эске салды.

Буга байланыштуу ал Европадагы Шенген зонасына окшош региондун өлкөлөрү боюнча туристтердин эркин жүрүүсүн камсыз кыла турган бирдиктүү визаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Аягында Садыр Жапаров регионалдык интеграция жигердүү өнүгүп жатканын, ал эми бардык тармактарда кызматташтыкты бекемдөө Борбор Азиянын туруктуу өнүгүшүнүн жана гүлдөп-өсүшүнүн өбөлгөсү болорун белгиледи.

177