7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калкка арзан жана сапаттуу эт сатуу пунктары ачылат

361

«Кыргыз Агрохолдинг» ААК мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалууда.
«Бул демилге азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирүү механизмин түзүүгө шарт түзөт.
Долбоордун ишке ашырылышы шаардын тургундарынын жана алыскы аймактардын жашоочуларынын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ички рыноктун туруктуулугуна салым кошот»-, деп жазылат маалыматта.

362