7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калкты жана турак-жай фондусун каттоо боюнча контролдук кыдырууну узартуу чечими кабыл алынды

583

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын калкын жана турак-жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасынын бардык аймагында калкты жана турак жай фондусун каттоонун биринчи этабын өткөрдү.

«2022-жылдын 4-6-апрелине чейин контролдук кыдыруу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өлкөнүн 800дөн ашык тургуну 1216 ишеним телефону, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу кайрылышкан. Жалпысынан 2000ден ашык арыз катталган», — деди Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов.

Ал кошумчалагандай, ишеним телефонуна кайрылуунун негизги темасы эл каттоо маалында үйдө жок болгондугуна байланыштуу жарандардын эл каттоону кайра өткөрүү сунуштары болду. Ошондой эле жарандар эл каттоого өз убагында катыша албай калган башка себептер да айтылды. Алынган маалымат арыз бергендерди эсепке алуу үчүн аймактык статистика органдарына жөнөтүлдү. Өз кезегинде Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев белгилегендей, калкты каттоонун негизги максаты — калктын саны жөнүндө реалдуу жана так маалыматтарды алуу.

«Биз республиканын ар бир жаранынын маалыматтарын эске алуубуз жана контролдук кыдырууну үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин узартышыбыз керек», — деди Арзыбек Кожошев.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында калкты жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт. Ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн контролдук каттоо өткөрүлөт. 1216 номери аркылуу “Ишеним телефону” эл каттоодон өтпөй калгандардын арыздарын кабыл алууну улантат. Кошумчалай кетсек, 0502 159 815 жана 999 183 020 WhatsAppт номурларына кайрылсаңыздар болот. Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев республиканын калкын эл каттоого активдүү катышууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

584