7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калктын ден соолугуна коркунуч туудурган цех аныкталды

175

Салык кызматы Жалал-Абадда автоунаалар үчүн химиялык каражаттарды өндүргөн мыйзамсыз цехти аныктады.

Цехтин имаратында болжол менен 45 тонна спирттин өзгөчө жыты бар түссүз суюктук табылган. Ошондой эле көп сандагы этикеткалар, капкактар, таралар жана сатууга даярдалып жаткан продукциялар — антифриз, айнек жуугуч суюктук жана башка техникалык каражаттар аныкталды.

Өндүрүш аймагы калк жыш жайгашкан «Спутник-22» турак жай конушунда жайгашкан жана калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган. Өрт же жарылуу коркунучу жогору болгон жана өндүрүштүк иш-аракеттерге ылайыкташтырылган эмес. Мындан тышкары, цехте этикеткаларды чаптоочу, идиш жасоочу жана продукцияны куюучу жабдуулар аныкталды, ишканада химиялык продуктуларды өндүрүүгө уруксат кагазы болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өндүрүлгөн продукция мотор майын алмаштыруу түйүндөрү жана белгилүү бренддердин атын жамынып, авто тетиктерин сатуу боюнча соода объектилери аркылуу таратылган.

Бул факт боюнча материалдар соттук экспертизаны жана укуктук баа берүүнү жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

176