7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калмира Билимбек кызы кичи мекенине акчалай жардам көрсөттү

1706

Дүйнөлүк биринчиликте күмүш медаль тагынга Калмира Билимбек кызы, Нарындын Ак-Талаа районундагы  кичи мекенине бүгүн акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы спортчу кыз бүгүн Баетов айылынын тургундары менен жолугуп, баарлашкан. Жолугушуунун соңунда айылдын Демилге, К.Кадыршаев жана Б.Токоев көчөлөрүн жарыктандырып,  инфраструктурасын жакшыртууга багыттап 100 миң сом тапшырган.

Эске салсак, Калмира Билимбек кызы Россиянын Уфа шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасында өткөрүлгөн дүйнө биринчилигинде күмүш байгенин ээси болгон. Ага удаа эле Казань шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынып, спорт дүйнөсүндө жылдызы жанган.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1707