Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Максат Кунакуновго 14 жаштагы уулу Амир менен коштошууга уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка ылайык, Максат Кунакуновдун адвокатынын өтүнүчүн Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү канааттандырган.
Белгилей кетсек, Максат Кунакунов Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча шектелип, №1 тергөө абагында камакта отурган.
Анын 14 жаштагы уулу Амир 7-ноябрда «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркына сейилдөөгө чыгып, дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк баланын сөөгү «Электро» чокусунун аймагынан табылган. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм сууктан каза болгон.



