7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчаткада катуу жер титиреп, цунами коркунучу туулду

184

Бүгүн түнү Камчаткада күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Жер титирөө Петропавловск-Камчаткадан 128 чакырым алыстыкта болгонун АКШнын геологиялык кызматы аныктаган. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте орун алды. Америкалык метеорологдор цунами коркунучу болорун эскертишти.

Камчатка өрөөнүнүн губернатору Владимир Солодов бардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өткөнүн жарыялап, жер титирөөнүн күчү 7,2 баллга жеткенин тактады.

«Жарым аралдын чыгыш жээгине цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди. Куткаруучулар социалдык мекемелерди жана турак жайларды ыкчам иликтөөгө киришти”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин 3 ай мкрун Камчаткага жакын жерде күчү болжол менен 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу 32 чакырым тереңдикте болгон. Бул 1952-жылдан берки аймактагы эң күчтүү жер титирөө. Суу цунамиге чейин жээктен тартылып калган.

185