7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү кармалды

882

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшүн кармады.

Мурда маалымдалгандай, уюшкан кылмыштуу топко К.Асанбекке карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 4-октябрда КР жараны Азрет Боотаев кылмышка шериктеш катары кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тактап айтканда, Азрет Боотаев «Каганат Resort» эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп» ЖЧКсынын ээси, башкача айтканда, Асанбектин бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Ошол эле учурда, кээ бир ЖМКларда Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт.

Алсак, жаран Молдобаев Кеңешбек Токтогулович өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок, иш жүзүндө ал төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат: Бишкек ш., Курултай көч., №49, төмөндө айтылган даректен башка кыймылсыз мүлк болуп саналат, кылмыш иши козголуп жаткан жана К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Боотаев Азрет Түркмөновичтин мүлкүнө жакын жайгашып, ал кыймылсыз мүлк төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Курултай көчөсү, 53 Боотаев Азрет Түркменовичтин мүлктөрүнүн арасында жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Боотаев Азрет Түркменовичтин атасы болуп саналган жаран Боотаев Түркмен Эркинбаевичтин наамына катталган.

УКМК жарандарды, уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларынын жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендер тиешелүү чараларды көрүү үчүн төмөнкү телефондор боюнча кайрылууларына чакырат: 0 (312) 66-04-75, 0 (312) 62-65-04, 0 (702) 68-28-68.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883