Бишкектин борборунда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармап кетти деген маалыматтар тарады. Операция Бишкектеги «Учкун» имаратынын алдында болгон.
Күч органдары ок чыгарып, жерине атайын техникалар да барган. «Спутник» басылмасынан алынган маалыматка караганда, эки адам курман болгон. Алардын ким экени белгисиз. Бул боюнча расмий маалымат бериле элек.
Ошондой эле, ал жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев барганы айтылууда.