7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаевдин жакын адамы делген Рысалиев БАЭден кармалды

374

21-февралда Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган КР жараны Рысалиев Таалайбек Кумашевич БАЭде аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Кылмыш ишинин алкагында Рысалиев Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сырттан каралып, камакка алынды.

Рысалиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамы болуу менен, анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында, тагыраагы түздөн-түз же кыйыр финансылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган.

Учурда аны Кыргыз Республикасынын аймагына экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатат.

375