7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаевдин жан сакчысы «Узун Улан» кармалды

332

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Сентябрь айынын башында Россиянын Москва шаарынын аймагында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1972-жылы туулган Кыргызстандын жараны Б.У.К кармалды. Ал оор кылмыштарды жасаган үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран криминалдык чөйрөдө «Узун Улан» каймана аты менен белгилүү жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Ал Камчы Асанбектин эң жакын жана ишенимдүү адамы болуп, анын жеке коопсуздугуна жооп берген. Бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан, андан сырткары «общак» кылмыш казынасын толтуруу максатында ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү опузалоо менен тартып алып жүргөн.

Б.У.К. 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагында башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга жана каракчылык менен кол салууга айыпталууда. Жабырлануучу чет өлкөнүн жараны болгон ишкер. Учурда издөөдө жүргөн жаран Москвадан Бишкекке милиция кызматкерлери тарабынан алып келинди.

333